Темир Сариев: "Биз келерки туристтик сезонго даяр болуубуз керек жана анын ийгиликтүү ɵтүүсү үчүн азыртадан аракет кɵрүүбүз зарыл"

Премьер-министр Темир Сариев Ысык-Кɵл мамлекеттик администрациясында туризмди ɵнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрүп, келерки туристтик сезонго даяр болуу керектигин айтты.

"Үстүбүздɵгү жылдын май айында жергиликтүү бийлик органдарынын алдына коюлган милдеттер аткарылган жок. Натыйжада андан жалпысынан Ысык-Кɵл облусунун абалы жабыр тартууда. Эс алуучу, пляждык аймактардын абалы жакшыртылууга муктаж. Ысык-Кɵл облусунун жетекчилигине Каракол шаарындагы Бостери айылынын таштандысы боюнча маселени чечүүнү тапшырам. Жергиликтүү калк таштандыга катар эмес, жакшы шартта жашоосу керек",- деди Темир Сариев.

Жыйын учурунда өкмɵт башчы жергиликтүү бийлик органдарына 2016-жылга аткаруу мɵɵнɵтү так белгиленген иш планын түзүүнү тапшырды, анын аткарылышы министрлердин кɵзɵмɵлүндɵ болот.

"Биз келерки туристтик сезонго даяр болуубуз керек жана анын ийгиликтүү болуусу үчүн азыртадан аракет кɵрүүбүз зарыл. 2016-жылга карата бир катар ири иш-чаралар пландалган, анын катарында Дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюну бар. Ички иштер министрлигине келерки жылдын мартынан кеч калбастан пилоттук долбоор иретинде патрулдук милицияны ишке киргизүү тапшырмасын коём",- деп белгиледи Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан