Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-декабрда Түркмөнстанга жасаган иш сапарынын алкагында "Бейтараптуулук саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” Эл аралык конференциясынын ачылыш аземине катышты.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, конференциянын башталышында делегация жетекчилери Түркмөнстандагы Нейтралитет монументине гүл коюшту. "Бейтараптуулук саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” аттуу конференциянын катышуучулары биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин иш-чаранын расмий ачылышы болду.
Конференцияны Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов салтанаттуу сөз сүйлөө менен ачты.