Бүгүн, 12-декабрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында "Бейтараптуулук саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” Эл аралык конференциясы өтүп жатат. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, конференциянын жүрүшүндө өлкө башчы Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы боордош Түркмөнстандын жетекчилигин жана жалпы түркмөн элин мамлекеттик майрамы – Нейтралитет күнү менен куттуктап, Түркмөнстандын президентине эл аралык иш-чараны мыкты уюштургандыгы жана меймандостугу үчүн терең ыраазычылык билдирди.
“Бүгүнкү күндө Түркмөнстандын дүйнөдөгү кадыр-баркы кыйла өстү. Өлкө мындай жыйынтыкка Түркмөнстандын президентинин тең салмактуу саясатынын, тең ата өнөктөш катары дүйнөлүк коомчулук менен өз ара жигердүү кызматташуусунун натыйжасында жетишти. Түркмөнстан Бириккен Улуттар Уюму 1995-жылдын 12-декабрында "туруктуу нейтралитет" статусун расмий түрдө тааныган дүйнөдөгү биринчи мамлекет”,- деп эске салды Алмазбек Атамбаев.
Президент көп жылдар бою Түркмөнстан аймакта саясий туруктуулукту сактоо жана колдоп туруу ишинде БУУнун ишенимдүү союздашы жана натыйжалуу өнөктөшү болуп келе жаткандыгын баса белгиледи. “2007-жылы Борбор Азияда превентивдүү дипломатия боюнча БУУнун аймактык борборунун Ашхабадда ачылышы өлкөнүн тынчтыкты сактоо боюнча аракети таанылгандыгын ырастады”,- деди Алмазбек Атамбаев.
“Бул конференция тынчтыкты сактоочу аянтча болуп саналат. Бул жерде көптөгөн демилгелер көтөрүлөт",- деди президент. Андан кийин жакында эле ынак боордош болгон өлкөлөрдүн эки тараптуу мамилесиндеги кыйынчылыкты курчутууну токтотууга, өнөктөштүк, кошуналык жана достук жылуу мамилелерди калыбына келтирүүгө чакырган Беларусь президенти Александр Лукашенконун Орусия менен Түркияга карата чакырыгын колдоорун кошумчалады.
Мамлекет башчы белгилегендей, Түркмөнстандын нейтралитет саясаты түркмөн элинин кылымдар бою калыптанган салттарына, дүйнө таанымына, көз карашына жана ынанымына тыгыз байланыштуу. Эзелтен түркмөн эли тынчтыкты сүйгөн, чыдамдуулук жана урматтоо сыяктуу сапаттарды кастарлап келген.
“Кыргыз-түркмөн өз ара пайдалуу кызматташуусу элдерибиздин жана мамлекеттерибиздин ортосундагы тарыхый жактан калыптанган бир туугандык мамилелерге, тагдырларыбыздын жана кызыкчылыктарыбыздын, тилдин жана маданияттын, салттардын жана үрп-адаттардын, руханий дөөлөттөрүбүздүн жалпылыгына негизделген”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Эл аралык конференциянын ачылыш аземи аяктагандан кийин президент Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Кувейт мамлекетине жөнөп кетет.