Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-декабрда Кувейт мамлекетине болгон расмий сапарынын алкагында Кувейттин биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри, Араб экономикалык өнүктүрүү боюнча Кувейт фондунун төрагасы шейх Сабах Халед аль-Хамад аль-Сабах менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Кувейттин ортосундагы инвестициялык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана туристтик чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык маселелердин олуттуу багыттары талкууланды.
А.Атамбаев өз сөзүндө расмий сапары менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчы жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык айтып, шейх Сабах Халед аль-Хамад аль-Сабахты келерки жылы иш сапары менен кыргыз жерине келип кетүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну активдештирүүгө чакырды.
Шейх Сабах Халед аль-Хамад аль-Сабах өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп жаткандыгына кубанычтуу экенин белгиледи. А.Атамбаевдин сапарынын алкагында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюу каралгандыгын эске салды. “Бул макулдашуулар Кыргыз Республикасы менен Кувейттин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө өбөлгө болот”,- деди шейх Сабах Халед аль-Хамад аль-Сабах.
Кувейттин биринчи вице-премьер-министри бүгүн, 13-декабрда Кувейтте өтө турган Кыргыз Республикасы-Кувейт инвестициялык форуму кыргыз өлкөсү менен Кувейттин бизнес-түзүмдөрүнүн байланыштарын тереңдетүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берерин баса белгиледи.