Жалал-Абад шаарында кримавторитет Болот Маматовдун өлүмүнө шектелип 10-мартта кармалган 1984-жылы туулган Т.А. аттуу жаран 12-мартта Жалал-Абад шаардык соту тарабынан убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Тергөөдө кылмышка шектүү жаран кримавторитетти өлтүрүү үчүн 28-февралда Орусиядан келгендиги жана ага Сузак районунун 27 жаштагы А.Р. аттуу тургуну жардам бергендиги аныкталды. Эскерте кетсек, Болот Маматов Жалал-Абад шаарында 5-мартта атып өлтүрүлгөн.