Акыйкатчы кызматына талапкерлердин документтерин жаңыдан кабыл алуу жүрүп жатат

Акыйкатчы кызматына талапкерлердин документтерин жаңыдан кабыл алуу жүрүп жатат. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. 10-декабрда Жогорку Кеңеште акыйкатчы кызматына сунушталган талапкерлерден жеңүүчү аныкталган эмес. Бир дагы талапкер шайлоо үчүн жетиштүү санда депутаттардын добушун ала алган жок.

Эскерте кетсек, аталган кызматка "Ата Мекен" фракциясы Гүлгаакы Мамасалиева, Бакыт Рыспеков жана Турсунбек Акундун, КСДП Гүлнара Жамгырчиеванын, "Өнүгүү-Прогресс" Мурат Жетимишбаевдин, "Республика-Ата Журт" Атыр Абдрахматованын, "Бир бол" Нурланбек Жээналиевдин, "Кыргызстан" фракциясы Канатбек Турганбековдун талапкерлигин көрсөткөн. Добуш берүү алдында булардын бири талапкерлигин алып салган.
1-турдун жыйынтыгында Гүлгаакы Мамасалиева 28, Атыр Абдрахматова 23 добуш алып, 2-тур жарыяланган. 2-турда Абдрахматова 34 добуш алып, 3-турга өткөн. Соңку турда анын талапкерлигине 46 депутат "макул", 69 депутат "каршы" деп добуш берип, шайланбай калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан