Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 13-декабрда Кувейтте Кыргыз-Кувейт инвестициялык форумунун биринчи жыйынына катышты.
Президент кыргыз жеринде туруктуу өнүгүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи. "Кыргыз Республикасы оор күндөрдү басып өттү, бирок бүгүнкү күндө өлкөдө тынчтык жана туруктуулук орноду. Биз парламенттик башкаруу системин тандап алдык. Акыркы төрт жылда бюджеттин киреше бөлүгү дээрлик үч эсе өстү, өлкөнүн мыйзам базасы либералдуу",- деди өлкө жетекчиси.
Президент өлкөнүн туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылды.
"Кыргыз мамлекети - кооз, кендерге бай өлкө. Бизде түстүү металлдын запасы мол. Кыргыз Республикасы – мөңгүлөрдүн өлкөсү, ири дарыялардын башаты. Өлкөбүздө ири гидроэлектрстанцияларды курса болот",- деген Алмазбек Атамбаев кувейттик ишкерлерди кыргыз жерин өз көзү менен көрүп, ар кыл долбоорлорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүгү менен таанышууга чакырды.