Быйылкы жылдын 1-январынан 1-декабрына чейин республикада төлөм терминалдары, банкоматтар, веб-кассалар жана башка инновациялык ыкмалардын жардамы менен 122 миллион 800 миң сом салык төлөндү. Мамлекеттик салык кызматына таянсак, терминалдар аркылуу 119 миллион 500 миң сом, банкоматтардан 2 миллион 400 миң сом салык төгүлгөн.
Өлкөдө учурда 1712 төлөм терминалдары жана веб-кассалар иштеп жатканы айтылды.
"Салык төлөөчүлөр бир катар салыктарды, анын ичинде ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгын, киреше жана жер салыктарын төлөө үчүн бул кызматтардын кайсы түрүн болбосун колдоно алышат",- деп билдирет мекеме.