Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 14-декабрда өкмөт тарабынан сунушталган "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралды. Жыйынга мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү ыргагы 2015-жылдын бюджетине айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиз болду. “Бюджеттин киреше бөлүгү 6 миллиард 46 миллион сомго көбөйтүлүү менен жалпы бюджет 117 миллиард 577 миллион сом көлөмүндө аныкталууда. Анын ичинде салык кирешеси 74 миллиард 712 миллион сомду түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 5 миллиард 154 миллион сомго азайды. Тескерисинче, салыктык эмес киреше 31 миллиард 130 миллион сомду түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 10 миллиард 644 миллион сомго көбөйдү”,- деди министр.
Ал эми 2015-жылдын республикалык бюджетинин чыгаша бөлүгү 133 миллиард 636 миллион сомду же ички дүң өнүмдүн 30,5 пайызын түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 3 миллиард 222 миллион сомго азая турганы белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 3 миллиард 330 миллион доллар өлчөмүндө белгиленип, ал ички дүң өнүмдүн 53,7 пайызын түзөт. Доллар кунунун кескин өсүп кеткенине байланыштуу быйылкы карыздарды төлөө көлөмү 345 миллион сомго көбөйдү.
Талкуунун жыйынтыгында "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун 15-декабрда өтө турган комитеттин кезексиз жыйынында улантуу чечими кабыл алынды.