14-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Катар мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында Катардын Билим берүү, илим жана коомдук өнүгүү фондуна жана "Билим шаарчасы" комплексине барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчыга Билим берүү, илим жана коомдук өнүгүү фондунун ишмердүүлүгү боюнча презентация көрсөтүлдү. Андан соң ал фонддун штаб-батирине жана "Билим шаарчасы" комплексине барып, аталган фонддун эскерүү китепчесине өз каалоо-тилектерин жазды.