Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары уюмдун каржылык маселелерин талкуулашат

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында 5 маселе каралат. ШКУнун алкагында соода-экономикалык, инвестициялык, каржылык, транспорт-коммуникациялык жана гуманитардык кызматташтыктын абалы, келечеги жана өнүктүрүү жолдору талкууланмакчы. Өкмөт башчылары жыйындын күн тартибин жана программасын бекитишти.

Уюмдун ишкердик кеңеши, 2016-жылкы бюджети, анын алкагында иштеген органдардын каржылык жана уюштуруучулук иштерине басым жасалары белгилүү болду. Кийинки жыйынды кайсы өлкөдө, кайсы учурда өткөрүүнү да сүйлөшүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан