2016-жылдын 1-январынан тарта Бишкек жана Оштун аэропортторунан учкан ар бир жүргүнчүдөн 15 доллардан акы алына башташы мүмкүн

Бишкек жана Оштун аэропортторунан сыртка учуучу ар бир жүргүнчүдөн 2016-жылдын 1-январынан баштап 15 доллардан (1140 сомдун тегереги) акы алына башташы мүмкүн. Маалыматты SUPER.KG`ге өкмөттөн тастыкташты.

Премьер-министр Темир Сариев 10-декабрда кол койгон буйрукка ылайык, мындай сунуш "Манас" Эл аралык аэропортунун башкаруу органдарынын кароосуна киргизилет. Бул аракетин өкмөт "аэропортторду мындан ары өнүктүрүү максатында" деп түшүндүрүүдө. Акы алуудан түшкөн каражат эл аралык жана аймактык аэропорттордун абалын оңдоого жана аэропорттордун Каржы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фондундагы карызын жабууга жумшалары айтылып жатат.

Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө өкмөттүн Транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнө жүктөлдү. Аталган бөлүмдүн жетекчилиги демилгечи Транспорт жана коммуникация министрлиги экенин билдирип, комментарий берүүдөн баш тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан