Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 15-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлорун жабык форматта карап жатат. Күн тартибине киргизилген “КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жана “КРнын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоорун кароого келгенде депутаттар тарабынан жабык форматта кароо сунуш кылынды. Комитет төрагасы Алмазбек Баатырбеков сунушту добушка коюп, комитет мүчөлөрү колдоого алышты.