Транспорт жана коммуникация министрлиги Бишкек жана Оштун аэропортторунан өлкөнүн сыртына учкан ар бир жүргүнчүдөн 15 доллардан акы алуу сунушун киргизгенин SUPER.KG порталына бүгүн, 15-декабрда ырастады. Акы алуудан түшкөн акча Бишкек - "Манас" аэропорту жолун оңдоого жана тийиштүү карыздарды жабууга, "Манас", "Ош", "Каракол", "Ысык-Көл", "Баткен" аэропортторунун учуп конуучу тилкелерин, учак токтоп туруучу аянттарын оңдоого жумшаларын билдирүүдө.
Министрлик өкүлдөрү бул тема боюнча бүгүн коомчулукка түшүндүрмө беришери белгилүү болду.