Бүгүн, 15-декабрда Кытайда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду. Алардын катарында “ШКУнун 2016-жылга бюджети”, “ШКУнун өнүктүрүү банкын жана ШКУ өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келечектеги иштер жөнүндө”, “ШКУга мүчө өлкөлөрдүн компетенттүү органдары аралык коопсуз маалыматтык-телекоммуникациялык тутумду түзүүгө каражат бөлүү тууралуу” документтер бар.
Уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюникеге жана өкмөт башчылардын аймактык экономикалык өз ара аракеттенишүү жөнүндө билдирүүсүнө кол коюлду.
Мындан тышкары 2016-2021-жылдарга ШКУга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын өз ара аракеттенишүү программасы жана ШКУнун Катчылыгы жана БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссия катчылыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум жактырылды.