"Мамлекеттин карызы ички дүң продукцияга салыштырмалуу 55 пайызга жетип калды, 60 пайыздан ашкандан кийин экономикалык жылыш токтойт" деди каржы министри

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 3 миллиард 330 миллион доллар. Бул ички дүң продукция менен салыштырганда 55 пайызга жетет". Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты. Министр карыздын көлөмүнүн өсүп кетүүсүнө экономикалык факторлор себеп болуп жатканын айтты. "Биз карыздын көлөмүн көбөйтпөөгө аракет кылып жатабыз. Биздин мыйзамдар боюнча, 60 пайыздан ашпашы керек. Андан ашкандан кийин экономикалык жылыш болбойт",- деди министр.

Айта кетсек, депутаттар да Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында өкмөттү чет мамлекеттен карыз алууну токтотууга чакырышкан. Анда: "Карыздын көлөмүн ички дүң продукция менен салыштырганда 64 пайызга чыгып кетиптир, карыз алууну токтоткула",- дешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан