Темир Сариев: "Кыргыз мамлекети ШКУнун өнүктүрүү банкынын тезирээк ишке киришине кызыкдар"

Кыргыз мамлекети ШКУнун өнүктүрүү банкынын жана уюмдун өнүктүрүү фондунун тезирээк ишке киришине кызыкдар. Муну 15-декабрда премьер-министр Темир Сариев Шанхай Кызматташтык Уюмунун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында билдирди.

"Келерки жылы Шанхай Кызматташтык Уюму өзүнүн 15 жылдыгын белгилейт жана аймакты туруктуу өнүктүрүүгө салмактуу салымын кошууда. Бирок ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасына салынган зор мүмкүндүктөр ишке ашырылбай калып жатат. Долбоордук ишмердүүлүктү каржылык жактан колдоого алуу формасы ШКУнун өнүктүрүү банкы жана ШКУнун өнүктүрүү фондунун алкагында аныкталган, аталган институттар тууралуу биз узак мезгилден бери кеп кылуудабыз",- деп билдирди премьер.

Өкмөт башчы буларды кошумчалады:

"Бүгүнкү чечимдердин катарында коопсуздук органдары линиясы боюнча ыкчам маалыматтарды коргоонун жамааттык тутумун түзүүгө акча бөлүү чечими кирүүгө тийиш. Муну биздин аймактык антитеррордук түзүмдү күчтөндүрүүгө кошкон салым катары карасак болот".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан