Анкара үч шартты аткаргандан кийин Орусия менен Түркиянын кызматташтыгы мурунку калыбына келиши мүмкүн. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын аталган өлкөдөгү элчиси Андрей Карловго шилтеме берип чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Элчинин айтымында, түрк бийлиги орусиялык Су-24 учагын атып түшүргөнү боюнча кечирим сурашы керек. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы жаңжал боюнча күнөөлүүлөрдү таап, жазага тартышы, кыйраган учак боюнча Орусияга компенсация төлөп бериши боюнча шарт коюлуп жатат.
Су-24түн экипажынын командиринин өлүмүнө токтолуп, ага карата Түркиянын жараны Альпарслан Челик (Alparslan Celik) ок чыгарганын айтты.
Эске салсак, 24-ноябрда Түркия менен Сирия чектешкен аймактан орусиялык аскердик учак атылып түшүрүлгөн. Түркиялык маалымат булактары учак аба мейкиндигин бузганы үчүн атылганын билдиришкен. Орусиянын Коргоо министрлиги маалыматты ырастап: "Бүгүн Түркия-Сирия чек арасында жерден аткылоодон улам орусиялык Су-24 учагы жерге кулады. Алдын ала маалыматтарга караганда, учкучтардын экөөсү тең учактан секирип кетүүгө үлгүргөн, учурда алар дайынсыз болууда",- деген эле.