Оң рулдуу унаалардын жүк жана жүргүнчү ташуусуна тыюу салууну 2018-жылга чейин киргизбөө сунушталды

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында оң рулдуу унаалардын жүк жана жүргүнчү ташуусуна тыюу салууну 2018-жылга чейин киргизбөө сунушталды. Бул боюнча кабыл алынган мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып ишке ашат.
Депутаттар оң рулдуу унаалардын жүк жана жүргүнчү ташуусуна тыюу салуу азырынча эрте экенин айтышты. "Бул мыйзам 1-январда ишке ашат. Андан кийин оң рулдуу унаа ээлери эмне болушат? Оң рулдуу унаа менен тамак-аш таап жаткандарга кыйынчылык жаралат. Анан да мыйзам ишке кирери менен МАИ кызматкерлери айып салып киришет. Ошентип коррупцияга жол ачылат. Андан сырткары мыйзамдын механизми жок",- дешти комитет мүчөлөрү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан