Туура эмес жайга токтотулган унааларды мажбурлап эвакуациялоого багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды

15-декабрда Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча
комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, учурда туура эмес жайга токтотулган унааларды мажбурлап эвакуациялоо маселеси толук жөнгө салынган эмес. Мындай кемчиликтерди жоюу максатында Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске “транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо” деген жаңы берене киргизилип жатат. Ошону менен катар транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун тартибин өкмөт тарабынан жүргүзүү боюнча толуктоо киргизилүүдө.

Талкуу учрунда депутат Алтынбек Жунус уулу буга чейин жүргүзүлүп келген мажбурлап эвакуациялоо менен мыйзам бузгандыгы үчүн айдоочу бир айып пул, андан сырткары эвакуаторлорго дагы төлөп, эки ирет айып пул төлөп келгенин сынга алды. Депутат Бакыт Сыдыков кайсы жерге унааларды токтотууга болбостугу боюнча шаар мэриясы менен тыгыз кызматташып, так аныктоо маселесин мыйзам долбоорунун демилгечилеринин астына койду.

Мыйзам долбоорундагы дагы бир жагдай: 2013-жылы кабыл алынган “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамдын талаптары - 2016-жылдын 1-январынан баштап рулу оң жактагы автомобилдерди коммерциялык ташуулар үчүн пайдаланууга тыюу салууну ишке ашыруу маселеси боюнча кайчы пикирлер айтылды. Депутаттар Кубанычбек Жумалиев, Иса Өмүркулов учурда өлкөдө өтө көп сандаган оң рулдуу унаалар бар экенин, мындай унаа ээлери бүгүнкү күндө бир топ тейлөө кызматтарын аткарып жаткандыгын негиздеп, 2018-жылга чейин аларга уруксат берүү максатка ылайык деген пикирлерин ортого салышты. Оң рулдуу унаалардын кесепетинен көптөгөн жарандар өмүрү менен кош айтышып, канчалары майып болгондугун эске салган депутат Данияр Аттокуров 2018-жыл келгенде дагы эки жылга узартуу сунушталышы мүмкүн дейт. Үй-бүлөдө каражат табуунун жалгыз булагы болгон мындай автоунаасы барлар 2018-жылга чейин унааларын сол рулдуу унаага алмаштырууга убада кылып, 2 жылдык мөөнөт сурап жаткандыгын депутат Алтынбек Жунус уулу кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан