2015-жылдын январь-ноябрь аралыгында социалдык чөйрөнүн жалпы чыгашасы 52 миллиард 517 миллион сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу социалдык чөйрөнүн чыгымдары 4 миллиард 397 миллион сомго көбөйдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Атап айтканда, социалдык коргоого республикалык бюджеттен 22 миллиард 570 миллион сом жумшалды, бул сумма былтыркыга салыштырмалуу 1 миллиард 652,2 миллион сомго көп. Социалдык коргоо чөйрөсүнүн көлөмүндөгү социалдык коргоо чыгымдарынын үлүшү 24,3 пайызды түздү.
Билим берүү секторунун чыгымдарынын салыштырма салмагы социалдык чөйрөнүн чыгымдарынын жалпы көлөмүнүн 19,4 пайызын түздү, номиналдык туюнтууда билим берүү секторунун чыгымдары өткөн жылдагыга салыштырмалуу 2 миллиард сомго көбөйүп, 18 миллиард 35,2 миллион сом болду.
Саламаттыкты сактоо секторунун чыгымдары былтыркыга салыштырмалуу 549 миллион сомго өсүп, 9 миллиард 648,6 миллион сом болду. «Эс алуу, маданият жана дин» бөлүмү боюнча чыгымдар былтыркыга салыштырмалуу 165,4 миллион сомго көбөйүп, 2 миллиард 263,3 миллион сомду түздү.
Быйылкы жылдын такталган бюджетинде социалдык коргоого 28 миллиард сомдон ашуун каражат каралган болсо, саламаттык сактоого – 13,8 миллиард сом, билим берүүгө – 21,3 миллиард сом, «Эс алуу, маданият жана дин» бөлүмү боюнча 2,6 миллиард сом каралган.