Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 2015-жылдын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүүнү колдоого алды

Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында "2015-жылга республикалык бюджет жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты.

Жыйындын күн тартибине коюлган “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору бир катар талкуудан кийин колдоого ээ болду.

Талкуу учурунда депутаттар капиталдык салымдарга жумшалган каражаттар канчалык деңгээлде максаттуу пайдаланылганына кызыгышты. Ошондой эле алдыдагы жылдарда өкмөттү бюджеттеги таңсыктыгын азайтуу багытын колго алууга чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан