Жыргалбек Саматов эртең парламентте ант берет

Жыргалбек Саматов эртең, 16-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант берет. Бул тууралуу маселе парламент жыйынынын күн тартибине киргизилди. Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Эскерте кетсек, 27-октябрда "Орусиянын жарандыгын алган" деген жүйө менен Саматовду БШК талапкерлердин тизмесинен чыгарган. Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 5-ноябрда Жыргалбек Саматовго байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган. Андан бери аталган талапкерге мандат берилбей келген. Саматов сот чечимин БШК аткарбай жатканын айтып, Башкы прокуратурага кайрыларын жакында билдирген эле. 9-декабрда Саматовго Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттык мандат тапшырган.

Саматов Жогорку Кеңештин V чакырылышында да "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан