Жогорку Кеңеш Жыргалбек Саматовдун ант берүүсүн убактылуу токтотту

Жогорку Кеңешке жаңыдан депутат болуп жаткан Жыргалбек Саматовдун ант берүүсү убактылуу токтотулду. Мындай чечимди Жогорку Кеңеш 16-декабрдагы жыйынында кабыл алды. Жыйында төрага Асылбек Жээнбеков: "Борбордук шайлоо комиссиясы айрым маалымат каражаттарына чыккан маалыматтарды тактоо үчүн ант берүүнү токтотуп туруу боюнча суранып жатат",- деди. Андан соң маселени добушка койду, жыйынтыгында депутаттар БШКнын өтүнүчүн канааттандырышты.

Эскерте кетсек, 27-октябрда "Орусиянын жарандыгын алган" деген жүйө менен Саматовду БШК талапкерлердин тизмесинен чыгарган. Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 5-ноябрда Жыргалбек Саматовго мандат бербөө боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган. БШК мандат берүүнү кечиктирип жатканда Саматов Жогорку Соттун чечими аткарылбай жатканын айтып Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Сот анын арызын канааттандырып, БШКны ага мандат берүүгө милдеттендирген эле.

Саматов Жогорку Кеңештин V чакырылышында да "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан