Жогорку Кеңеш 2014-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат

Жогорку Кеңештин 16-декабрдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат. Депутаттардын суроолоруна биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев баштаган өкмөт мүчөлөрү жооп берип жатышат. Депутаттар 2014-жылы кайсы тармактан канча каражат түшкөнүн сурашууда.

Каржы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасап, 2014-жылы республикалык бюджеттин жалпы киреше көлөмү 105 миллиард 261 миллион сомду түзгөнүн же 101,9 пайызга аткарылганын айтты. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 17,9 пайызга өскөн. Анын ичинде 70 миллиард 945 миллион сом салыктык киреше, ал эми 24 миллиард 356 миллион сом салыктык эмес киреше болуп саналат. Ал республикалык бюджеттин жалпы чыгаша жыйындысы 107 миллиард 400 миллион сомду түзгөн. Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев 3 окуудан колдоп берүүнү суранды. Учурда суроо-жооп уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан