Бакыт Төрөбаев: "2014-жылдагы республикалык бюджет аткарылган жок, 7 миллиард сомго жоготуу болуптур"

"2014-жылдагы республикалык бюджет аткарылган жок, 7 миллиард сомго жоготуу болуптур",- деди депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 16-декабрдагы жыйынында. Депутат бюджет аткарылбаганы үчүн ошол учурдагы өкмөт жоопко тартылышы керектигин айтты.

"Биз жылда республикалык бюджетти бекитип беребиз, бирок аткарылбай жатат. Мен муну өкмөттүн отчётуна карап айтып жатам. Биз дагы парламент катары баа беришибиз керек да. Баа берсек, ар бир министрлик жоопкерчиликти сезип, аткаруулар так болот. Аткарылбаганы үчүн биздин фракция мыйзам долбоорун караган жок",- деди Бакыт Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан