Депутат Карамат Орозова "Маданият министрлиги, Бишкекте эле кайнабай, район борборлорундагы Маданият үйлөрүнүн каражатын карап койбойсуңарбы?" деди

"Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Бишкекте эле кайнабай, район борборлорундагы Маданият үйлөрүнүн каражатын карап койбойсуңарбы?"- деп айтты депутат Карамат Орозова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында. Анын айтымында, аймактардагы Маданият үйлөрүнө которулчу каражаттар толук бөлүнбөй келүүдө.
"Баткен облусунун райондорундагы Маданият үйлөрүнүн кызматкерлери тынымсыз арыз аркылуу кайрылып жатышат. Бир райондун Маданият үйүнө жол чыгымдары үчүн 20 миң сом каралып, 10 миң сом гана которулуптур. 20 миң сом эмнеге жетет? Министрлик аймактарга таптакыр көңүл бурбай жатат",- деди депутат.

Министрликтин өкүлү 36 миллион сомго кечигүү болуп жатканын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан