Ички иштер министрлигинин “Интерпол” улуттук борбордук бюросунун өздүк курамынын арасында аттестация болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, аттестациядан өтүп жаткан кызматкерлер чет тили, дене тарбия боюнча (кросс, турникке тартылуу, граната ыргытуу) күжүрмөн күрөш, ок атуучу куралды пайдалануу жана жазуу, маек куруу түрлөрү боюнча өтүштү. Аттестациялык комиссия 12 кызматкерден туруп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатывалдиев жетекчилик кылды.
"Аттестациянын жыйынтыгы боюнча “Интерпол” улуттук борбордук бюросунун кызматына бир кызматкер ээлеген кызматына толугу менен ылайыктуу, төрт кызматкер ээлеген кызматтарына ылайыктуу деп аныкталды. Аларга 6 айдан кийин кайра аттестациядан өтүү талабы коюлду. Ал эми дагы бир кызматкер толугу менен аттестациядан өтө алган жок. Ага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде башка орун сунушталат",- деп билдирет мекеме.