Депутаттар "Жер-Үй" кенин иштетүүдөн түшкөн каражаттын 2 миллиард сому жоготууга учураганын айтышты

"Жер-Үй" кенин иштетүүдөн түшкөн каражаттын 2 миллиард сому жоготууга учурады",- деп билдирди депутат Кенжебек Бокоев бүгүн, 16-декабрда парламент жыйынында. Бокоев өкмөт түшкөн акчаны айыл өкмөттүн эсебинде кармап туруп албай, эффективдүү иштетиши керек экендигин белгиледи.
"Жер-Үй" кенин иштеткен компания 100 миң долларды май-июнь айларында эле которгон. Ал учурда доллардын курсу 56 сомдун тегерегинде болуп турган. Азыр 76 сомго чыгып, 1 доллардан 20 сом жоготуу болуп жатат. Жалпы эсеп менен 2 миллиард сом жоготуу болду. Каржы министри бул каражат менен пайда көрүүгө болбойт дегени менен, жоготуу болуп жатпайбы. Өкмөт ар бир тыйынды эффективдүү пайдаланышы керек. Бюджетти толтурууга пайда болмок да"
,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан