Жогорку Кеңештин 16-декабрдагы жыйынында депутат Тынчтыкбек Шайназаров төрт жылдан бери Кадыржан Батыровдун, Михаил Наделдин жана Евгений Гуревичтин мүлктөрүн конфискациялоо боюнча соттун чечими аткарылбай жатканы үчүн өкмөттү айыптады. Депутаттын айтымында, өкмөт соттун чечиминен кийин алардын мүлкүн сатып жиберип же иштетип, мамлекеттик бюджетке кошумча каражат табышса болмок. "Мен ушул маселени төрт жылдан бери көтөрүп келем, жылда эле "соттун чечими чыга элек" деген жоопту бересиңер. Мага "бул үч адамдын мүлкүн конфискациялоо боюнча сот чечими чыгарылган" деген жооп келип жатат. Азыраак акча болсо да бюджетке кошумча каражат болмок. Ошондуктан мен тез арада ушул маселе боюнча акыркы жоопту уккум келет",- деди Шайназаров.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун өкүлү Батыровдун мүлкү боюнча мамлекетке 2015-жылы 10 миллион сом каражат түшкөнүн айтып, бирок Наделдин жана Гуревичтин мүлкү боюнча сот чечими чыга электигин билдирди. "Бир айдын ичинде сизге жооп берүүгө даярбыз",- деди аталган фонддун өкүлү.