Башкы прокуратуранын Ички коопсуздук кызматы Кадамжай прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаевдин атылган кийиктер менен сүрөткө түшкөнү боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кызматтык иликтөө иштери эки күн мурун, 14-декабрда башталган. “Иликтөөнү Баткен облусунун прокурору жана анын кол алдында иштеген кызматкер алып барат. Жыйынтык 10 күндүн ичинде белгилүү болот. Эгер Кадамжай районунун прокурорунун орун басары кийикти мыйзамсыз атканы далилденсе, ага карата тартиптик чара көрүлөт же жумуштан бошотулушу мүмкүн”,- дешти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, ушундай эле кызматтык иликтөөнү, өлтүрүлгөн кийиктер менен сүрөткө түшкөн инспектор Искендер Жолдошовго карата Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы жүргүзүүдө.
Эскерте кетсек, 14-декабрда окурман мамлекеттик органдардын кызматкерлери тоо текелерди атып, жаратылышка зыян келтирип жатканын билдирген эле. Ал "Чара көрүлөбү же чиновниктерге боло береби?" деген суроону койгон.