Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы кароосуз калган “Семетей” сейил багы толугу менен оңдолуп, 16-декабрь күнү ачылыш аземи болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башында турган мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Калаа башчысы шаардыктардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү мэриянын приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи. “Быйыл шаарыбыздагы 4 сейил багын толугу менен
оңдоп-түзөөнү пландаганбыз. Учурда баары иш жүзүнө ашып, тургундарга пайдаланууга берилди. Алардын бири - “Семетей” сейил багы.
2016-жылы Ош шаарындагы бардык сейил бактар реконструкцияланып, жергиликтүү жашоочулардын эс алуусуна толугу менен ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Ошондой эле ушул жылы пайдаланууга берилген Ататүрк атындагы сейил багына элдин эс алуусу менен катар ден соолуктарын чыңдоосу үчүн спорттук инвентарларды орнотууну пландап жатабыз”,- деди А.Кадырбаев.
Буга чейин Манас-Ата кичи районунда шаардыктардын эс алуусуна шарттар жок болгондугун айткан тургундар эми ушундай сейил бактын ачылышына кубанышып, калаа башчысына ыраазычылыктарын билдиришти. Жалпы аянты 8506 чарчы метр болгон “Семетей” сейил багынын тендердик баасы 2,5 миллион сомду түзгөн. Анын негизинде 980 чарчы метр жерге таш төшөлгө төшөлүп, 28 түнкү жарыктандыруучу чырак, 28 даана отургуч, 28 даана таштанды челеги, 270 п/м узундукка темир тосмо, 300 метр арыкка лотоктор орнотулуп, ирригация системи жаңыланды.