Токтогул ГЭСин курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоодо келип түшкөн каражаттардын атайын эсебинин атын тактоого багытталган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди

“Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айыл аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында 3-окууда каралды.

Мыйзамдын долбоору Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айыл аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттардын атайын эсебинин атын тактоого багытталган.

Республика 2 деңгээлдүү бюджетке өткөндүгүнө байланыштуу райондук бюджет жоюлган. Ошондуктан мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы аталган мыйзамдын 6-беренеси бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей калганынан улам келип чыккан.

Талкууда депутаттар каражаттарды которуу механизмдерине байланыштуу маселелерди такташты. Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан