Бүгүн, 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кытайдын Учжэнь шаарында өткөн II Дүйнөлүк интернет-жыйынга катышты. Жыйын жүрүшүндө интернеттик глобалдык башкаруу, киберкоопсуздук, кибертерроризм жана мобилдик интернет көйгөйлөрү талкууланды. Т.Сариев жыйын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, заманбап турмуштагы интернеттин маансин өзгөчө белгиледи.
«Өткөн жылы кыргыз өлкөсү Азия, Европа жана Америка өлкөлөрүнөн келген эл аралык эксперттердин катышуусунда I Борбор азиялык интернет-симпозиумун өткөргөн. Акыркы үч жылдын ичинде биз бардык коңшу өлкөлөр менен транзиттик байланышты орноттук. Бул Кыргыз Республикасына Европа менен катар Кытайга түз коммуникациялык байланыш орнотууга, ошондой эле Жакынкы Чыгыш жана Индия өлкөлөрүнө чыгууга мүмкүндүк түздү»,- деп белгиледи ал.
Өкмөт башчы белгилегендей, кыргыз өлкөсү Эл аралык электр байланыш биримдиги, КМШ нанотехнологиялары жана Улуттук өлчөөчү лабораториялар конференциясы Эл аралык инновациялык борбору сыяктуу ири IT-уюмдардын мүчөсү болуп саналат.
«Бизде мобилдик байланыш тармагынын өнүгүүсү динамикалык түрдө жүрүүдө, аны менен республика аймагынын 90 пайызы камсыздалган. Үчүнчү жана төртүнүчү муундагы технологиялар активдүү ишке киргизилүүдө. Ошондой эле кыргыз жериндеги интернет-индустриянын өнүгүүсүнө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы либералдык салык саясатынын жана укуктук базасынын орун алышы шарт түзүүдө»,- деп Сариев.