Нарын облусу боюнча 11 айда 97 ишкана ишке кирип, 606 жаран жумуш менен камсыз болду

11 айда быйыл Нарын облусу боюнча 97 ар түрдүү чакан ишканалар ишке киргизилип, 606 жаран жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, муну менен жылдык өндүрүштүн көлөмү болжолдуу 34 миллион 472 миң сомду түзсө, бюджетке түшүүчү салыктын болжолдуу көлөмү 4 миллион 845 миң сомду түзөт.

Райондор боюнча тиешелүү маалыматтар:

Жумгал району

Жумгал району боюнча 2015-жылдын 11 айына карата 38 ишкана ачылып, ишке берилди. Жалпы түзүлүүчү жумуш орундарынын саны - 189. Жылдык өндүрүштүн көлөмү 1 миллион 347 миң сомду түзөрү күтүлүүдө. Бюджетке түшүүчү салыктын болжолдуу көлөмү – 434,5 миң сом.
Ишканалардын көпчүлүк бөлүгү өнөр жай жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү, кайра иштетүү өндүрүштөрүнө багытталган.

Нарын району

2015-жылдын 11 айында 19 ишкана ачылып, 69 адам жумуш орду менен камсыз болду. Бюджетке түшүүчү салыктын көлөмү 203 миң сомду түзөт.
Ачылган ишканалар жеңил өнөр жай продукцияларын, кайра иштетүү, курулуш материалдарын чыгарууга багытталган.

Ак-Талаа району

Райондо үстүбүздөгү жылдын 11 айында 10 ишкана ачылып, 17 жумуш оруну түзүлдү. Бул ишканалар калкка кызмат көрсөтүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү, балык өстүрүү тармактарына багытталган.

Ат-Башы району

Ат-Башы району боюнча 2015-жылга карата 10 ишкана ачуу пландаштырылган. 10 ишкана ишке киргизилди. Жалпы түзүлүүчү жумуш орундарынын саны - 51.
Ачылган ишканалар кайра иштетүү өндүрүшү, айыл чарба продукцияларын чыгаруу, калкка кызмат көрсөтүү багыттарын камтыйт.

Кочкор району

Район боюнча үстүбүздөгү жылдын 11 айында 10 ишкана ишке киргизилип, 101 жумуш оруну түзүлгөн.
Бул ишканалар калкка кызмат көрсөтүү, кайра иштетүү, курулуш материалдарын чыгаруу өндүрүштөрүнө багытталган.

Нарын шаарында 2015-жылдын 11 айында 10 ишкана ачылып, 179 жаңы жумуш орундары түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaka1978
2015-12-17 01:51:41
Жакшы болгондо тура,нарындыктарга,высокогорья деп да кошулат да,сонун экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан