Бүгүн, 14-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Айта кетсек, бул аралыкта Абдумомунов, Исанов, Киров, Интергельпо, Кум-Арык, Линейный жана Тыныстанов көчөлөрүндө, Аламүдүн районунун Лебединовка жана Аламүдүн айылдарында, Сокулук районунун Сокулук, Комсомольский, Көлмө, Студент айылдарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. “Түндүк электр” ишканасы бул өчүрүүлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу боло тургандыгын айтат.