Ош. Студенттерге жер титирөөдө жана башка кырдаалдарда коргонуу тууралуу маалыматтар берилди

Ош технологиялык университетинен кабарлашкандай, бүгүн, 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери окутуучуларга жана студенттерге өзгөчө кырдаалдардан коргонуу тууралуу жолугушуу уюштурушту. Анда "112" куткаруу кызматынын иши, ал кызматтан кантип колдонуунун шарттары тууралуу маалымат берилди. Жолугушууда жер титирөө, жер көчкү, кар көчкү, суу ташкыны тууралуу маалыматтар берилип, чукул кырдаалдар учурунда коргонуунун жана алдын алуунун жолдору түшүндүрүлдү. Мындан тышкары чукул кырдаал учурунда коргонуу тууралуу видеотүрмөктөр көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан