Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балатыны жандырышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, балаты текшерүү үчүн жандырылды. Кытайдан алынып келинген 1530 жасалма бутактардан куралган балатыга жалпысынан 64 миң жарык берүүчү чырак орнотулмакчы. 19-декабрда жаңы жылдык балатынын салтанаттуу түрдө жандырылышы күтүлүүдө.