БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева: "Жыргалбек Саматовду мандаттан ажыратуу - мыйзамсыз"

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева Жогорку Кеңешке депутат болгон Жыргалбек Саматовдун мандаттан ажыратылышы мыйзамсыз деген пикирде. Социалдык тармактагы баракчасына БШК өкүлү: "Негизи, БШК Жогорку Соттун чечимин аткарып, Саматовго мандат бериши керек болчу. Орусиянын Федералдык кызматынын башкармалык жетекчиси Казаковдун колу коюлган факс жана Федералдык миграция кызматынын төрагасы Ромадановскийдин колу коюлган кат прокуратурага берилүүгө тийиш эле. Иликтөөнүн жыйынтыгына жараша тийиштүү чечим кабыл алынса болмок",- деп жарыялады.

Эскерте кетсек, 27-октябрда "Орусиянын жарандыгын алган" деген жүйө менен Саматовду БШК талапкерлердин тизмесинен чыгарган. Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 5-ноябрда Жыргалбек Саматовго мандат бербөө боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган. БШК мандат берүүнү кечиктирип жатканда Саматов Жогорку Соттун чечими аткарылбай жатканын айтып Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Сот анын арызын канааттандырып, БШКны ага мандат берүүгө милдеттендирген эле. Саматовго декабрдын баш жагында мандат берилип, кечээ, 16-декабрда БШК мандатты кайра тартып алды.

БШК мындай аракетин Орусиянын Федералдык миграция кызматынан Жыргалбек Саматовдун Орусиянын жараны эместиги жөнүндө 2015-жылдын 2-ноябрындагы каттын жасалма эместиги тууралуу маалымат суралып, Федералдык миграция кызматы мындай кат алардын базасында жок экенин, андай кат келип түшпөгөнүн билдиргенине байланыштырды. "Саматовдун БШКга көрсөткөн каты жасалма" деген жүйө менен мандатты кайтарып алды.

Саматов Жогорку Кеңештин V чакырылышында да "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан