16-декабрда Жогорку Кеңеште “Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган “Бишкек - Ош автоунаа жолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо” долбоору боюнча КРнын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору добуш берүүгө жиберилди.
Баяндама жасаган депутат Абдывахап Нурбаевдин билдиришинче, Бишкек – Ош унаа жолундагы Көк-Арт дарыясынан өтүүчү көпүрө 1969-жылы курулган, акыркы 20 жылда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
Гранттык макулдашуунун шарттары боюнча, JICA Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Япониянын колдонуудагы мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына ылайык, алмашуу ноталарынын алкагында 1 миллиард 196 миллион япон иенасы (¥ 1196,0 миллион) өлчөмүндө грант берет.