Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-декабрда “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун кароого киришти. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат. Аталган мыйзам долбоору боюнча каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматы угулууда.
Ага ылайык, 2016-жылдагы мамлекеттин жалпы кирешеси 141 миллиард 433 миллион сом, мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгашасы 163 миллиард сом өлчөмүндө белгиленген. Ал эми республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 124 миллиард 399 миллион сом, жалпы чыгашасы 146 миллиард 853 миллион сом өлчөмүндө белгиленген. Республикалык бюджеттин тартыштыгы 2016-жылы 22 миллиард 453 миллион сом деңгээлине чыгат.
2017-жылдагы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 149 миллиард 741 миллион сом көлөмүндө болжолдонуп, ал 2018-жылы 162 миллиард 38 миллион сомго чейин өсөт. 2017-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 131 миллиард 504 миллион сом өлчөмүндө болжолдонуп, ал 2018-жылы 142 миллиард 212 миллион сомго чейин көбөйөт. Ал эми 2017-2018-жылдары мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 170 миллиард 800 миллион сомду жана 175 миллиард 724 миллион сомду түзөрү болжолдонууда.
Учурда суроо-жооп уланууда.