Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча каржы министринин маалыматы угулгандан кийин депутаттар 2016-жылы экономикалык абал кандай болоруна кызыгышты. Бул боюнча экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев баяндама жасады. Эл өкүлдөрү баяндамада курулай эле сандар айтылганын белгилешти. Депутат Алтынбек Сулайманов: "Баяндамада айтылгандар 2016-жылы аткарылбай калса, ким жооп берет? Бул жерде баяндаманы өкмөт башчы өзү жасашы керек",- деген пикирин айтты. Төрага Асылбек Жээнбеков да өкмөттүн баяндамасы чийки экенин белгиледи.