Жогорку Кеңештин 17-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын 2016-жылкы бюджетинин долбоору каралууда. Депутаттар мыйзам долбоору боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн берген баяндамаларына нааразы болушууда. Бакыт Төрөбаев: "Баягы эле көнүмүш баяндамалар. Конкреттүү эмне программалар ишке ашырылып, эмне маселелер көтөрүлө турганы айтылган жок. Кайсы багытта кетерибиз белгисиз",- деп билдирди.
Башка депутаттар республикалык бюджеттин 22 миллиард сом дефицитин сынга алышып, "Өкмөт жаңы мүмкүнчүлүктөр менен иштейбиз деген эле. Мына, жаңы мүмкүнчүлүгү - 22 миллиард сом дефицит" дешти.