Бүгүн коомдук ишмер Акматбек Сүйүнбаевдин 95 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 17-декабрда Улуттук филармонияда коомдук ишмер Акматбек Сүйүнбаевдин 95 жылдыгы белгиленет. Ага биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, президенттик аппараттын башчысынын, ЖКнын төрагасынын, маданият министринин орун басарлары жана башка коомдук саясий ишмерлер катышат. Иш-чара концерттик программа менен коштолот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Акматбек Сүйүнбаев 1920-жылы 17-декабрда Аламүдүн районуна караштуу Орто-Алыш айылында үй-бүлөдө төрөлгөн. 1938-жылы Нарын облусунда Нарын шаарынын каржы бөлүмүндө башкы эсепчи болуп эмгек жолун баштаган. 1954-жылы экономист адистиги боюнча Бүткүл дүйнөлүк каржы институтун бүтүргөн. Ал республиканын экономикасын калыбына келтирүү боюнча иштерге активдүү кирише баштаган. Анын кийинки карьерасы улам өйдөлөп өсүп, Кызыл-Аскер райондук кеңешинин Аткаруу комитетинин жооптуу катчысы, Фрунзе шаардык каржы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Кыргыз ССРинин Каржы министрлигинин салык жана жыйым башкармалыгынын жетекчиси, ал эми 1954-жылдын июнь айынан тарта Ысык-Көл облустук каржы бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген. 1978-1984-жылы ардактуу эс алууга чыкканга чейин А.Сүйүнбаев республиканын турак жай-коммуналдык чарба министри болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан