Өмүрбек Бабанов 2016-жылдын республикалык бюджетинде каралган тартыштыкты 10 миллиард сом деңгээлине түшүрүп келүүнү сунуш кылды

Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун талкуулап жатат. Анда белгилүү болгондой, 2016-жылдын республикалык бюджетинин тартыштыгы 22 миллиард 453 миллион сом деп белгиленген.

Депутат Өмүрбек Бабанов бюджетте каралган тартыштыкты 10 миллиард сом деңгээлине түшүрүү тапшырмасын берүүнү сунуштады. "Өкмөт 2016-жылдын тартыштыгы 22 миллиард сом болот деп алып келип жатат. Келгиле, тартыштыкты 10 миллиардга түшүрүп келүү тапшырмасын коёлу, кайра карап чыгышсын. Эч кайда шашпайлы",- деди Бабанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан