Кош бойлуу аялдар көбүнчө аз кандуулук менен жабыркап, сасык тумоого кабылышат

Кош бойлуу аялдар көбүнчө аз кандуулук менен жабыркап, сасык тумоого кабылышат. Мындан сырткары өнөкөт пиелонефрит пайда болгон учурлар да арбын. Анда кош бойлуу эненин бели ооруп, дене табы көтөрүлөт. Өнөкөт пиелонефрит заара изилденгенде гана билинет. Бул тууралуу "Шоола-Көл" коомдук уюмунун изилдөөсүнүн жыйынтыгында айтылат.

Белгилүү болгондой, Нарын шаарында жана Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында 3 жашка чейинки балдардын нерв системин, психологиялык абалын изилдөө учурунда алардын энелери да текшерүүдөн өтүшкөн. Атайын дарыгерлер тобу 2015-жылдын сентябрь-ноябрь айларында 400 эне-баланын ден соолугун текшеришкен.

Маалыматка караганда, аялдардын 39,8 пайызы аз кандуулукка кабылып, өз учурунда дарыланышкан эмес. Муну менен катар социалдык абалынан улам кара жумуш жасап, кош бойлуулук боюнча каттоого турбай, дарыгерге кайрылбагандар да бар. Аялдардын 32,2 пайызы биринчи жана үчүнчү триместрде сасык тумоого кабылышса, 8,6 пайызынын бөйрөгү ооруганы аныкталган.
Дарыгерлер баланын ден соолугуна эрте кийлигишүү боюнча программаны иштеп чыгып, алардын ден соолугуна кош бойлуу кезден тартып кам көрүү керектигин эскертишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aku
2015-12-17 12:44:52
Мен дагы боюмда болгондон тартып ооруп калам.азыр да грипп болуп,бвшым эле ооруй берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан