2016-жылкы бюджеттин дефицитинин 92 пайызын тышкы булактар жабат

2016-жылкы республикалык бюджеттин дефицитинин 92 пайызы тышкы булактардын эсебинен жабылат. Муну парламенттин 17-декабрдагы жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирип, булактар аныкталганын айтты.

"Башында бюджеттин тартыштыгы 27 миллиард болчу, кыскартып 22 миллиард сомго түшүрдүк. Тартыштык ички жана тышкы булактардын эсебинен толукталат. 92 пайызы мамлекеттик инвестициялык программалар, насыялардын эсебинен жабылмакчы. Дефицит эмне үчүн өсүп кетти? Быйыл мугалимдердин, мамлекеттик эмес кызматкерлердин жана башкалардын айлыгын көтөрдүк. Ушунун эсебинен дефицит өстү. Эгерде кыскартабыз десек, жогорулатылган маяналарды кайра алып салышыбыз керек. Инфраструктуралык долбоорлорду токтотушубуз зарыл",- деди министр.

Эскерте кетсек, 2016-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 124 миллиард 399 миллион сом, чыгымы 146 миллиард 853 миллион сом болмокчу. Бюджеттин тартыштыгы 22 миллиард 453 миллион сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан