Жогорку Кеңештин 17-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын 2016-жылкы бюджетинин долбоору каралып жатат. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.
Келерки жылдын республикалык бюджетинин долбоорун талкуулоодо депутат Айнуру Алтыбаева ички дефицитти жабуунун булактарына кызыкты. Каржы министринин айтымында, ички дефицитти баалуу кагаздарды сатуу, өзтөштүрүлбөгөн каражаттар – калдыктар жана менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттар менен жабуу пландаштырылган. Мугалимдердин маянасын көтөрүүгө 6,6 миллиард сом каражат бар экенин тактаган Айнуру Алтыбаева республикалык казынаны толтурууга салык жана бажы төлөмдөрүн жыйноону башкарууну жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.