Максат Сабиров төрага Жээнбековго "мен билем" деген төрагалар кетип калышчу эле, абайласаңызчы" деди

Жогорку Кеңештин 17-декабрдагы жыйынында депутат Максат Сабиров төрага Асылбек Жээнбековду абайлоого чакырды. "Бул жерде биз сунуш берип жатабыз, сиз "коёбузбу, койбойбузбу мен билем" деп жатасыз. "Мен билем" деген төрагалар кетип калышчу эле, абайласаңызчы. Сиз билбейсиз",- деди Сабиров.

Андан кийин Жээнбеков: "Максат Эсенович, эми оппозиция айтып жаткан болсо, көпкө иштешет экенбиз",- деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан