Суу кодексине түзөтүү киргизилбесе, "Кумтөрдүн" токтоп калуу тобокелчилиги бар экени айтылды

Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып жатканда 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Суу кодексине тиешелүү түзөтүүлөр киргизилбесе, "Кумтөр" кенинин токтоп калуу тобокелчилиги бар экенин өкмөт мүчөлөрү билдиришти. "Мындай абал республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн",- дешти өкмөт мүчөлөрү.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып вице-премьер-министр Олег Панкратов жаңыдан түзүлгөн Мамлекеттик ипотекалык компания 2016-жылдын январь айынан тарта мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык жеңилдетилген насыяларды бере баштоого даяр экенин билдирди. "Ушу тапта Мамлекеттик ипотекалык компанияга ипотекалык насыя үчүн 300 миллион сом бөлүп берди. Насыя төмөнкү үстөк пайыз менен 15 жылдык мөөнөткө сом түрүндө берилет", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан